У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Күмөндөр Абылов Абдылда Иманкуловго: "Жаланып-жуктанып, көрсөтүп көмөгүң, Быйылкы шайлоого ким менен жөнөдүң?"

КР эл артисти, белгилүү актёр, эл сүйгөн куудул  Күмөндөр Абылов сахналашы КР эмгек сиңирген артисти Абдылда Иманкуловду туулган күнү менен куттуктады.

Абдылда туулган күнүң менен! Тамашамды кабыл алып кой!
Оо! Өйдөдө өбөгүм,
Ылдыйда жөлөгүм!
Туулган күн кут болсун,
Абдылда бөбөгүм!
Жап-жакын тууганым,
Жанымдай көрөмүн,
Вирустан корксом да,
Кучактап өбөмүн!
Жактырбайм анчейин,
Өзүңдөн бөлөгүн!
Мен үчүн сен өлсөң,
Мен кийин өлөмүн!
Кашыкта сууга да,
Калкыбай чөгөмүн!
Ордуңду жоктотпой,
Үйүңө көнөмүн!
Албасаң жүз грамм,
Аябай сөгөмүн!
Бергенди ичпесең,
Бетиңе төгөмүн!
Абалың жакшыбы?
Ким быйыл өнөгүң?
Жаланып-жуктанып,
Көрсөтүп көмөгүң,
Быйылкы шайлоого,
Ким менен жөнөдүң?
"Трюгуң" даярбы,
Көп эле өнөрүң?...
Күзүндө билинээр,
Эсеби жөжөнүн?...
Сага арнап ыр жаздым,
Акчасын төлөгүн!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter