У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россиялык дарыгер Sputnik V вакцинасынын терс таасирлери жөнүндө айтып берди


 Россиянын Sputnik V вакцинасынын COVID-19га каршы олуттуу терс таасирлери каттала элек. Бул тууралуу маалымат жыйынында Федерация Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү, Россиянын эмгек сиңирген дарыгери Владимир Круглый билдирди.
 
Анын айтымында, вакцинанын терс таасирлеринин 94 пайыз баш оору жана жалпы алсыздык. 
 
«Вакцинанын терс таасирлери дары-дармектердин таасирин көзөмөлдөө боюнча көз карандысыз комитеттин корутундусу менен тастыкталды. Башкача айтканда, бүгүнкү күнгө чейин олуттуу терс таасирлери катталган жок. Мониторинг уланууда. Массалык эмдөө эми гана башталды. Терс таасирлери болушу мүмкүн. Бирок, албетте, алардан коркпошу керек. Себеби кошумча реакцияны жаратпаган дары-дармектер жок”, - деди Владимир Круглый.
 
Ал кошумчалагандай, өзү Sputnik V менен эки жолу эмдөөдөн өткөн жана эмдөөдөн кийин организмде өзгөчө реакциялар болгон эмес. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter