У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Мектептерди ачкыла!" Бишкекте ата-энелер митингге чыгышты


"Мектептерди ачкыла" деген талап менен Бишкек мэриясынын имаратынын алдында мектеп окуучуларынын ата-энелери митингге чыгышты. 
Бала бакчаларды ачуу талабы дагы айтылды. Митингге 20га жакын адам чогулган. Алар онлайн-сабак бир гана Бишкекте уланып жатканына каршы болушууда.

Ата-энелердин алдына социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева чыкты. Ал шаарда 200 миңге жакын окуучу бар экенин, билим берүү жайларынын имараттары 211 пайызга толуп калганын белгиледи. Вице-мэр так ушул себептен улам Бишкектин мектептери региондордукундай болуп ачыла албай жатканын билдирди.

Ата-энелер мектептер жабык турса соода борборлор эмнеге ачылып калганы боюнча дагы суроо узатышты.

"Ооба, соода борборлор ачык, бирок ал жакка бир эле учурда 200 миң адам барбайт. Тез арада жаңы мектеп кура калуу мүмкүн эмес. Жайында коронавирустан адамдар өлүп жатканда элдин баары система күнөөлүү экенин айтып чыгышкан. Эгер мектеп ачылгандан кийин өлүм катталса сиздер бул жерге дагы келесиздер. Сиздерден башка ата-энелер мектептер ачылса мэрияны өрттөп кетебиз деп коркутуп жатышат", — деди Чыныбаева.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter