У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Уханда коронавирусту жаңыдан жуктургандар жок, мурункулары айыгып жатат...


Коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында таажылуу вирусту жаңыдан жуктургандар каттала элек. Барыдыгы мурунку жуктургандар. Аз-аздан атайын салынган бейтапканалар жабылып, акыркылары гана калды, күнүнө 700-800дөн адам айыгып, үйлөрүнө чыгып жатат деп билдирди Кытайдын улуттук Саламаттыкты сактоо комиссиясы. Ошондой эле Кытайда аты жаман ооруну 4 күндө айыктырган дары пайда болгонун да дүйнөлүк басылмалар жазып жатышат.

 "Ооруну жеңүүнүн эң негизги жолу темирдей бекем тартип жана тазалык. Ар бир үйдүн алдында атайын медициналык топ иштеп, үйгө кирип жаткан адамдар атайын текшерилип, каяктан келе жатканы, каякка бара жатканы  учётко алынган соң уруксат берилүүдө. Коомдук жайлардан, транспорттордон тартып көчөлөр, үйлөндүн тегереги толугу менен дезинфекцияланып жатат, кафе-ресторандардын, азык-түлук дүкөндөрүнүн алдында да атайын текшерүүлөр уюштурулуп, ар бир адам кеминде 10-15 мүнөттөй текшерүүдөн өтөт"
дейт Кытайда жашап жаткан кыргызстандыктар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter