У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Билим берүү тармагында коррупцияга шектелген эски кадрлар кызмат талаша баштады


 Билим берүү министрлигиндеги эски коррупцияга шектелген кадрлар кызмат талаша баштады. Мисалы, буга чейин аталган министрликтин лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүн жетектеп келген Н. Казиев президент Садыр Жапаровдун туугандарын ортого салып, орто кесиптик билим берүү агенттигинин орун басарлык ордун сурап жүрөт… Бул чиновниктин алешем ишин байкап калган Билим берүү министри, жердеши Гүлмира Кудайбердиева жумушунан кетирип жиберген.
 
Азыркы министр Алмаз Бейшеналиев мырза деле мындай кадрлардан кутулгусу эле эмес, кускусу келип нааразычылыгын ак үй билермандарына айттырып жатыптыр. Негизинен бул орган орто кесиптик билим берүү тармагын өркүндөтүп жаткандыктан бул жакка жалаң профессионал адистер келип, коррупцияга шектелгендер жолобошу керек эле.
 
Эгерде биз мамлекетти тез арада өнүктүрүүнү кааласак анда орто кесиптик билим берүүгө коррупционерлерди жолотпой мыкты жумушчу классын даярдашыбыз абзел. Президент Садыр Жапаров мырза көз салып коёт деп ишенебиз.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter