У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


17 жаштагы кызды ала качып бара жаткандар кармалды


 
Чүй облусунда никеге туруу үчүн жашы жете элек кызды ала качууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу облустук Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 9.00 чамасында Бишкек-Манас жолундагы стационардык постто болгон.
 
 Инспекторлор 20 жаштагы айдоочу айдап бара жаткан Honda Stepwgn унаасын токтотушкан. Документтерди текшерип жатканда жигит тынчсызданып, милицияга күмөн жараткан. Текшерүүнүн натыйжасында, Токмоктогу лицейде окуган 17 жаштагы кызды  Манас аэропортунун жанындагы айылга ала качып бара жатканы аныкталган. Унаанын айдоочусу кармалып, Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter