У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектин мектептерине электрондук кезекке туруу 15-февраль күнү башталат


Бишкектин мектептерине электрондук кезекке туруу 15-февраль күнү башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Баланы 2021-2022-окуу жылында 1-класска киргизүүгө онлайн-арызды калтыруу үчүн https://mektep.edu.gov.kg/ сайтына кирүү керек.
Каттоо бир эле этап менен эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси — жашаган жериндеги мектептерге каттоого тургандар, экинчиси — жашаган аймагынан сырткары жайгашкан мектептерди тандагандар үчүн.

Баланы мектепке киргизүүдөгү керектүү документтер:
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (оригинал жана көчүрмө);
  • ата-энесинин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;
  • ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жашаган жеринен маалымдама.
Кызыктырган суроолор боюнча төмөнкү телефондорго чалса болот:
  • Бишкек — 61-39-72, 61-23-40;
  • Биринчи май району — 66-06-89;
  • Ленин району — 65-68-93;
  • Свердлов району — 53-63-38;
  • Октябрь району — 51-18-20.
Техникалык колдоо үчүн: (0706) 12-22-11, (0776) 12-22-11, (0556) 12-22-11.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter