У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Түрк академиясы менен кызматташтыгын бекемдейт, Түркиянын «Маариф» фондунун мектеби ачылат


Бүгүн, 1-февралда Билим берүү жана илим министрлиги министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралы менен жолугуп, кызматташтык маселелерин талкуулаганын кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргызстан Түрк академиясы менен кызматташтыгын арттырууга даяр экенин билдирген. 

Академиянын жетекчиси түрк элдеринин географиясын жана адабиятын чагылдыруучу биргелешкен китептерди басып чыгаруу боюнча пландары жана уюмдун жалпы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Министрликтин жетекчиси түрк элдеринин тарыхы жана маданияты жөнүндөгү маалыматтарды кеңири жайылтуу багытында чогуу кызматташууга даярдык бар экенин билдирди. Ал академияга мүчө болгон мамлекеттердин мамилесин бекемдөөдө маданий-гуманитардык кызматташтык чоң ролго ээ экенин белгиледи.

Түрк Кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандын Нахчыван шаарында 2009-жылы кабыл алынган. Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия кирген. Түрк академиясы 2010-жылы негизделген. Анын максаты - түрк элдеринин тили, адабияты, маданияты, тарыхы боюнча илимий изилдөө иштерин координациялап, жергиликтүү булактарга таянып, түрк цивилизациясынын адамзат цивилизациясына кошкон салымын баалоо.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев кечээ, 30-январда Борбор Азиядагы «Маариф» фондунун директору Хүснү Биржан менен жолугушканда белгилүү болду. Анда Түркиянын «Маариф» фондунун алгачкы мектеби  Бишкек шаарында ачылаары тууралуу макулдашуулар талкууланды.

Хүснү Биржан мектепте окуучуларга жана мугалимдерге бардык шарттар түзүлөрүн айтып, кыргыз-түрк макулдашуусуна ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгүн Кыргызстандын жарандары түзөрүн билдирди.

2020-жылы 10-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Маариф» фонду Кыргызстанда жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча макулдашууга жетишишкен.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter