У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда коронавирус жуккандар алты кишиге жетти

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 20-марттагы басма сөз жыйынында Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганын кабарлады. Анын айтымында, ооруга чалдыккандар Ноокат районунан аныкталган. Алар да Сауд Арабиясына умрага барып келген.

Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта кабарланган. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясынан кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек каттамы менен кайтып келишкен.

Бул үчөө менен чогуу бир учакта келген 142 адамдын баары аныкталып, обсервацияга жаткырылган. Алардан тышкары дагы чет өлкөлөрдөн келген 386 адам обсервацияда экенин коронавирустун алдын алуу штабы маалымдаган.

Коронавирус аныкталган адамдардын кичи мекени болгон Сузак районундагы Благовещенка, Орто Азия жана Бостон айылдарында өзгөчө кырдаал киргизилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter