У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эт -380 сом, өсүмдүк майы - 113 сом. Эс алуу күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт


Бишкек шаарында  ишемби, жекшемби күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чараны Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Октябрь райондук акимиаты менен биргеликте уюштурууда. Түштүк магистраль Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта (12 кичирайону) саат 10:00дө башталат.
Жарманкеде азык-түлүктөргө коюлган баалар:
  • Эт азыктары - 380-390 сом;
  • Жумуртка (10 даанасы) - 85-90 сом;
  • Үй тооктору - 180-200 сом;
  • Көлдүн айраны - 37-38 сом;
  • Өсүмдүк майы - 113-123 сом;
  • Картошка - 22-23 сом;
  • Пияз - 11-13 сом;
  • Сабиз - 20 сом.
Ошондой эле жашылчалар, суусундуктар жана башка азыктар коюлат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter