У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жер шарына дагы бир коркунуч туулууда


Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча Улуттук башкармалыгы (НАСА) өтө чоң 52768 астероид (ОR2 1998) үстүндө байкоо жүргүзүүдө. Ал апрель айынын аягында жерге жакын аралыкта учуп өтөт. Эгер ал жерге кулап түшсө, анда глобалдык  катастрофа болот – дейт Express жазмасы.

“НАСАнын эсеби боюнча аска биз тарапты көздөй секундасына 8,7 км же 19 461 миль/с (31 320 км/с) ылдамдык менен келе жатат. Бул темп менен астроид жерге 29-апрелде жакындайт,” – деп айтылат маалыматта.

Планетардык коомчулуктун маалыматына ылайык  жерге жакындап келе жаткан асканын диаметри 4 км, мындай чоӊ өлчөмдөгү астероид глобалдык кыйроолорду алып келет.  Планетардык коомчулук анын кесепетинен төмөнкүдөй жыйынтыктар күтүлүшү мүмкүн дейт: 10 км же андан чоң кратер, глобалдык жок кылууну жана мүмкүн цивилизациянын коллапсы.

Эл аралык астрономдор тобунун мүчөсү доктор Брюс Беттстин сөзүнө ылайык  кичинекой астероиддер  көбүнесе атмосферада күйүп кетишет жана анча деле көп таасир тийгизбейт. Бирок, 2013-жылдагы Челябинскиде түшкөн 20 метр астероиддин көлөмүндөгүлөр сокку толкунун жаратып, терезелерди сындырып, адамдарга жаракат келтириши мүмкүн.

40 метр көлөмдөгү Тунгус метерорити  шаарды толугу менен кыйратышы же цунамини жаратышы мүмкүн. Чоңураак астероиддер толук бир регионду кыйратышы ыктымал.

НАСАнын эсептерине ылайык 29- апрелде жерге жакындайт деген астероид 52768 (OR2 1998) көлөмү 1,5 тен 4,1 кмди түзөт. 
Астрономдор бул асканы “потенциалдуу коркунучтуу” жердин айланасындагы объект катары эсептейт. Изилдөөчүлөрдүн эсеби боюнча жакынкы келечекте астероид биздин планетабызга  0,04 205 астрономиялык бирдикке чейин жакындап келет.  1 астрономиялык бирдик – бул жер менен күндү орточо аралыгы – 149, 6 млн км. Башкача айтканда, космос аскасы жер менен айдын аралыгынан болжол менен 16,36 эсе чоң аралыкта өтөт.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter