У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азамат Бейшеев: «Биз арзан баадагы сапаттуу үйлөрдү курабыз»


Арзан баадагы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан «Novastyle» курулуш компаниясынын жетекчисинин орун басары Азамат Бейшеев менен курулуп жаткан үйлөрдүн баалары, сапаты туурасында баарлаштык.

- Маегибизди сиздердин курулуш компания туурасында баштасак, компания качан ачылган?
- Биз элге жеткиликтүү болгон арзан баадагы, бирок ошол эле учурда сапаттуу, сейсмологиялык жактан бардык талаптарга туура келген көп кабаттуу үйлөрдү курууну 3 жылдан бери пландап жүргөн элек. Ал пландарыбыз акырындык менен ишке ашып, 2020-жылы март айында «Novastyle» деген ат менен компанияны мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөрүп, ишибизди баштадык. Компаниянын жетекчиси Эламан деген жаш жигит. Ал көп жылдан бери курулушта тармагында жүргөн адам болгондуктан элдин чөнтөгүнө туура келе турган, төлөмдөрү ыӊгайлуу, башка айтканда кардардын капчыгына туура келе тургандай шарттар менен үйлөрдү салуу керектигин ойлоп, ал оюн ишке ашыруу үчүн инвестиция таап, каражат топтоп алгачкы жумушту баштап отурабыз. 
 
- Учурда көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан курулуш компаниялары абдан көп, сиздердин компаниядан кардарлар кандай артыкчылыктарды көрө алат?
- Биз кардарлардын шартына туура келе тургандай шарттарды түзүп берүүгө даярбыз. Маселен, алгачкы төлөмдү 10 пайызга түшүрдүк. Бөлүп төлөөдө да жеӊилдиктер берилди, кардар ай сайын керектүү сумманы төгө албаса, үч айда толуктап төлөп турса болот. Эӊ башкысы, бизде батирлердин баасы- арзан.  Биз комфорт-класстагы үйлөрдү куруп жатканыбыз менен баалары эконом-класстагы үйлөрдүн баасы менен бирдей болуп жатат. 
 
- Баасы арзан болсо сапаты талапка жооп береби?
- Курулуш компаниянын башкы максаты сапаттуу үйлөрдү куруу. Биз сапатка 100 пайыз кепилдик беребиз. Көп кабаттуу үйлөрдү курууда кандай талаптар коюлган болсо, биз ал талаптардын баарын аткарууга аракет кылып жатабыз. Биздин максат эптеп эле үй куруп сатуу эмес, биздин максат арзан баадагы, сапаттуу үйлөр менен элди камсыздоо. Курулган үйлөрүбүз сапаттуу болсун деп суук болуп турган учурларда бетон куйбай, курулуш иштерин токтоттук. Буюрса, биздин иштин жыйынтыгын 2 жылда көрөсүздөр. 

-Айрым курулуш компаниялары кызыл китеби жок эле жерлерди алып үй салышып, кийин үйдүн документтерин ала албай жүргөн учурлар көп кездешип жатат. Сиздерде баары мыйзамдуубу?
-Сатып алуучулар бул жагынан эч чочулабай эле койсо болот. Биз жерди алып жатканда эле кызыл китеби менен бирге бардык уруксат кагаздарын алганбыз. Бизде баары мыйзамдуу. Кардар менен келишим түзүлгөндө келишимде көрсөтүлгөн бардык талаптарды толук аткарабыз деген ишенимдемин. Келишимде 2022-жылы ноябрь айында колдонууга беребиз деп жазылган. Биз ошол келишимди аткарганга аракетибизди көрөбүз. 

- Учурда тогуз кабаттуу үй курулуп жатыптыр. Мына ушул үйдөн батир алгысы келгендерге кандай талаптар бар?
- Биз бааларды кардар менен келишип алабыз. Алдын ала төлөнө турган төлөм канчалык көп болсо ошончолук жакшы.  Эгер андай болбосо, жалпы баанын 10 пайызын төгөт. Калган сумманы 24 айга бөлүп коебуз. Ай сайын бөлүнгөн сумманы төлөөдөн кыйналгандар болсо, айына азыраак сумма төлөп, акча болгон учурда бир жылдык төлөмдү жаап койсо болот. 



 
Байланыш телефондору:              0500 55 55 33
                                               0706 55 55 33
                                                0222555533
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter