У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 62 жаштагы аял адам өлтүрүүгө шектелүүдө


 
Бишкекте 62 жаштагы аял адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматы билдирди.  
 
Маалыматка ылайык, 25-январда саат 20:05 чамасында 102-линияга Бишкек шаарынын Каракум көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде эркек кишини бычактан жарат алганы туурасында билдирүү түшкөн.
 
Патрулдук милиция окуя болгон жерге барганда, 1980-жылы туулган Б.В., бычактан жаракат алып, Бишкек шаарынын ооруканасына жеткирилген. Кийинчерээк ал көз жумган.
 
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1959-жылы туулган Б.Т. кармалган. Ал Биринчи май РИИБге жеткирилген.
 
Бул факт Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын КЖБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюна кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter