У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Абалы оор". Ырчы Анжелика жана анын кичүү кызы Айлин реанимацияда


Ырчы Анжелика Кайратова жана анын 5 жашар кызы реанимацияда.
Ырчынын кызы Айлин Бекболиева кечээ, 24-январда, Тоң райондук ооруканасынан Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келингенин маалымат булактарына  аталган оорукананын маалымат катчысы Назгүл Курамаева билдирди.

Анын айтымында, беш жаштагы Бекболиева учурда жандандыруу бөлүмүндө.
"Кыздын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып кеткен. Бүгүн операция жасоо пландалууда. Абалы оор", — деди Курамаева.
Ал ырчы Анжелика Кайратованын абалы орточо оор экенин айтып, учурда реанимацияда жатканын кошумчалады.

Эске салсак, ырчы 23-январдын таңында кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусундажол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерден анын 5 жашар кызы жабыркаганы айтылган.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter