У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2 адам көз жумду. Акыркы суткада 118 киши вирус жуктурса, 155 бейтап сакайды


Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 118 жарандан аныкталды. 2 бейтап вирусту жеңе албай, акка моюн сунду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, соңку суткада Баткен облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Жуктургандар: 

Бишкек шаары - 47
Ош шаары - 2
Чүй облусу – 23
Ош облусу - 10
Талас облусу - 4
Нарын облусу - 10
Ысык-Көл облусу – 14
Жалал-Абад облусу – 8

Муну менен республика боюнча оорудан жабыркагандардын саны жалпы 83 миң 703 болду.
Ал эми бүгүн, 22-январга карата коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 155и сакайды.
Бишкек шаары – 58
Ош шаары – 2
Чүй облусу – 46
Ош облусу – 13
Талас облусу – 1
Нарын облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 19
Жалал-Абад облусу – 11
Баткен облусу – 3
Өлкө боюнча ооруну жеңгендердин саны 79 миң 664кө жетти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter