У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жол кире 15 сомго көтөрүлүшү мүмкүн


Май айында кичи автобустардагы жол кире акысы 15 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев кичи автобустардын айдоочулары менен болгон жолгушуудан кийин билдирди. 

Анын айтканына караганда, компаниялардын өкүлдөрү бардык чыгымдардын эсептерин көрсөтүшкөн. 

«Алар тарифти эмне үчүн 15 сомго чейин көтөрүү керектигин далилдей алышты. Себеби күйүүчү майдын, тетиктердин баалары канчага көтөрүлгөнүн бизге көрсөттү. Пенсионерлер жана мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген 8 сомдук тарифти кармоо пландаштырылууда», - деди Балбак Түлөбаев.

Алар Экономика министрлигине кат жолдой тургандыгын, ал жерде жумушчу топ түзүлүп, бул маселе боюнча иш алып бара турганын айтты. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter