У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бала бакчадагы өрт. Милиция өрттүн келип чыгуу себептерин иликтөөдө

 
Бишкек шаарынын Тыналиев-Масалиев кесилишиндеги жеке менчик бала бакчада чыккан өрт боюнча ИИМ өрттүн келип чыгуу себептерин иликтөө ишин баштады.
 
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей,  15-январда саат 17:34 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Тыналиев жана Түштүк Магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеке бала бакчада өрт чыкканы тууралуу  чакыруу түшкөн.
 
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин шаардык милициясынын экинчи бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Алар барган кезде  Масалиев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик бала бакчанын жогорку кабаты күйүп жаткандыгы аныкталган. Ошол эле учурда, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, өрттөнүп жаткан имараттан бардыгы эвакуацияланды. Кооптуу учурларды болтурбоо үчүн милиция кызматкерлери өрт чыккан имаратты курчоого алышкан.
 
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматы өрттү бир сааттын ичинде өчүрүшкөн. Жабыркагандар жана жаракат алгандар катталган жок. Аталган факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын КЖБРинин каттоосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Керектүү экспертизалар дайындалды.
 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter