У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Багып алуу менен асырап алуунун айырмасы бар! Айлык алып бала баккандар кандай укукка ээ?


Кечээ, 14-январда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды интернаттарга эмес, фостердик үй бүлөгө тарбияланууга берип, аларды баккан үй-бүлөгө айлык төлөнөөрү жөнүндө айткан. Аталган билдирүүдөн соң жүздөгөн окурмандар баланы кантип, кандай жол менен багып алабыз деген суроолорун тынымсыз узатышууда. Чынында асырап алуу менен багып алуу таптакыр эки башка нерсе. Айлык төлөп багып ала турган үй-бүлө ким? Ала кандай милдеттемелерди алышат? Ушул жана башка суроолорго министрликтин жообу:

Фостердик үй бүлө - бул мамлекеттен акы алып баланы караган үй бүлө.
Багып алуучу үй-бүлө турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды камкордугуна алып, тарбия берген үй-бүлө. Багып алуучу үй-бүлө баланы асырап алган үй-бүлөдөн бир айырмаланып, атайын окутулат жана баланы белгилүү бир мөөнөткө мамлекет менен келишим түзүүнүн негизинде багып алат.
Асырап алуучу үй бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар асырап алып жаткан баласына фамилиясын беришет. Бала толугу менен документ жүзүндө асырап алуучулардын карамагына өтөт.
Багып алуучу үй бүлөгө төмөндөгүдөй шарттар коюлат:
  • Багып алуучу үй бүлө мамлекет менен келишим түзөт, анын негизинде айлык алат;
  • Багып алуучу үй бүлө балага убактылуу гана ата-эне болот;
  • Багып алуучуларда тарбияланып жаткан баланы башка үй бүлө асырап алса болот;
  • Багып алуучу ат-эне болууну каалаган жарандар зарыл документтер менен райондук башкармалыктарга кайрылышы керек;
  • Багып алуучу үй бүлө 5 балага чейин багып алса болот;
  • Багып алуучу ата-эненин жашы 35 тен 65 жашка чейин болушу шарт;
  • Багып алуучу ата-энелердин балдарды ыңгайлуу атмосферада тарбиялоо үчүн турак-жай шарттары болушу керек;
  • 3 жашка чыга элек баланы багып алуучу үй бүлөгө тарбиялоого берүүдө жубайлардын бири толук иштебеген болушу керек;
  • Бир тууган балдар бир багып алуучу үй бүлөгө берилет;
  • Балдарга карата ырайымсыз мамилелер жана зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учурда алдын алуу максатында багып алуучу ата-эне психологиялык баалоодон өтөт;
  • Багып алуучуларга өтүлгөн окуунун жыйынтыгында сөзсүз түрдө баалоо, тестирлөө жүргүзүлөт;
  • Окууну ийгиликтүү өткөн жарандар багып алуучу ата-энеге болууга талапкер болушат;
Багып алуучу үй бөлөлөрдө төмөнкү категориядагы балдар жайгаштырылат:
  • Жетим балдар;
  • Ата-энелери ата-энелик укугунан ажыраган балдар;
  • Ата-энелик укугу чектелгендердин балдары;
  • Балдардын ден соолугана коркунуч келтире турган үй бүлөдөн алынган балдар;
  • Сексуалдык зомбулукка кабылган балдар;
  • Ата-энеси өзү тарбия берип бага албаган балдар
  • Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
  • Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter