У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жол кире кымбаттайбы? Мэриянын жообу…

 
Эгер Бишкек шаардык кеӊеши тарабынан чечим кабыл алынса кичи автобустардагы жол кире кымбаттайт. Бул тууралуу кечээ 13-январда мэриянын жыйындар залында жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери жана айдоочулар менен болгон жолугушууда белгилүү болду.
 
Күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлгөнүнө байланыштуу айдоочулар шаардагы кичи автобустардын баасын көтөрүүнү суранышты. 
 
Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Ж.Абиров шаардык кеӊештин депутаттары муниципалитет токтом долбоорун киргизсе кичи автобустардагы тарифтерди көтөрүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди.
 
Вице-мэр Азиз Алымкулов бул маселени коомдук талкуудан соң чечүү керектигин, эгерде жеке маршруттун айдоочулары шаар ичиндеги кыймыл-аракеттерин токтотсо, шаар бийлиги жеке менчик фирмалар менен кызматташууну кайра карап чыгышы мүмкүн экендигин айтты.
 
Мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат.
 
Жыйынтыгында бул маселени кароо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бир жуманын ичинде айдоочулар болжолдуу сметалык маалыматтарды беришет, андан кийин бул маселенинин үстүндө иштөө үчүн шаардык мэриянын шаардык транспорт бөлүмүнө тапшырышат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter