У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2 бейтап көз жумду. Сутка ичинде 107 киши вируска кабылса, 101 бейтап ооруну жеңди


Бүгүн, 11-январга карата өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдети 107 жарандан аныкталды. 2 бейтап ооруну жеңе албай, акка моюн сунда. Ал эми жаңы жуктургандар республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада Талас жана Нарын дубандарында катталган жок.
 
Жуктургандар:

Бишкек шаары – 82; 
Чүй облусу – 8;
Ош облусу - 2;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу - 4.
Муну менен аталган илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 82 миң 380 болду.

Ал эми соңку сутка ичинде 101 бейтап илдетти жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 57;
Чүй облусу – 16;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 4.

Республика боюнча коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын ичинен жалпы 78 миң 3 бейтап айыкты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter