У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус Кыргызстанга жетти. Ээн баскан, ийримдерге барган окуучулардын ата-энелери жазаланат


Таажылуу вирус Кыргызстанга жетип келди. Учурда 3 адамдан катталды. Карантин учурунда тартипти туура сактаганга үйрөнүүбүз зарыл. Ошол себептен карантин маалында ээн баскан, ийримдер үчүн мектептерге барган окуучулар текшериле баштайт. Баласын кооптуу учурда мектепке ийримдер үчүн жиберген ата-энелер жана чакырып жаткан мугалимдерге айып салынат. Ошондой эле жаш балдар менен коомдук транспортторго түшүүгө, эл көп чогулган соода борборлоруна барууга тыюу салынат.

Окуучулар үйдө отуруп зерикпеш үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окутуунун дистанттык түрү уюштурулуп жатат. Алар: онлайн сабактар, окутуу телеберүүлөрү, окуу жана адабият китептери, маалыматтык технологиялар жана электрондук ресурстарды колдонуунун башка түрлөрү.

Окуучулар үчүн министрликке караштуу https://lib.kg/lib/school/ сайтында ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган. Бул окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн.

Ошондой эле окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана Билим Булагы мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды – http://ibilim.kg/kyr/index.html http://bb.edu.gov.kg/index.php.

Мынданы сырткары каникул мезгилин натыйжалуу колдонуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги KSMS-Кыргыз-Швед математикалык мектеби менен өнөктөштүктө мектептер менен окуучулардын онлайн аракеттенүүсү боюнча баштапкы форманы киргизип жатат. Балдарды үйдөн окутуп, тартипти сактоону, сактанууну өтүнөт Билим берүү министрлиги

Онлайн ресурстарды колдонуу менен окуучулар окуу программасынан узак мөөнөткө алыстап кетпейт жана календардык-тематикалык пландан артта калбайт. Бул инструментти ар кайсы гаджеттерде колдонсо болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter