У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


31-декабрда Оштогу аскердик бөлүктө теракт жасоону пландаган киши колго түштү


Эски жылдын акынкы күнү, 31-декабрда Кыргызстандын аймагында теракт жасоо пландалып, аны пландагандарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы колго түшүрдү. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Окуя коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иштин натыйжасында болгондугу айтылды.
Ага байланыштуу Ош облусунун аймагында кыргызстаныдк жаран кармалган.

 "Такталгандай, кармалган адам эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөсү болгон. Башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде террордук акт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат даярдамак болгон", - деп айтылган маалыматта.
 
Кармалган адамдын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылып алынды.

Кармалган жаран УКМКнын Башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана облустук тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter