У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Артем Новиков Жалал-Абад облусундагы бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырып чыкты


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Мин-Ксин» металл буюмдарын чыгаруучу өндүрүштүк ишканага барды. 
 
Аталган ишкана «Максат» ААК өндүрүштүк базасында инвестицияларды тартуу эсебинен түзүлгөн жана 70 адамды жумуш орду менен камсыздайт. 
 
Ишкана менен таанышуу учурунда белгиленгендей, анын өндүрүштүк кубаттуулугу 60 тоннаны түзөт жана өндүрүлгөн продукция Өзбекстан жана Тажикстан Республикасына экспорттолот.
 
Келечекте арматура чыгаруу боюнча өндүрүштүк линияны ишке киргизүү эсебинен өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу пландаштырылууда. Бул учурда ишкананын экспорттук потенциалы жогорулап, жумушчу орундардын саны 140ка жетет. 
 
Премьер-министрдин м.а. ишканага оң баасын берип, Өкмөт анын кеңейтүү пландарын ишке ашырууга колдон келген көмөгүн көрсөтөт деп билдирди. 
 
Андан соң Премьер-министрдин м.а. нан жана кондитердик азыктарды өндүрүү боюнча заводдун иши менен таанышты, ал өзүнүн ишин 2015-жылы 6 жумушчудан турган цехтен баштаган.
 
Учурда завод 40 адамды жумушчу орун менен камсыздайт.
 
Артем Новиков кичи жана орто бизнести өнүктүрүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналарын белгилеп, мындай демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.
 
Премьер-министрдин м.а. ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, алар менен көйгөйлүү маселелерди жана аларга Өкмөт тараптан колдоо көрсөтүү чараларын талкуулады.
 
Ачык диалог режиминде өткөн жолугушууда баардыгы өз ойлорун билдирип, аймактын мындан аркы өнүгүү пландарын талкуулашты, Премьер-министрдин м.а.  Өкмөт ар бир ишкерге өзүнүн ишкердик дараметин жүзөгө ашырышы үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи.
 
«Биз тараптан максималдуу түрдө колдоо көрсөтүлөт. Чакан жана орто бизнести укуктук жактан коргоо, анын ичинде бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүүдө. Биз бардык маселелерди билебиз, бирок аны чечүүгө убакыт керек. Эң негизгиси, түшүнүк жана мындан аркы    иш-аракеттердин планы бар. Аймактын потенциалы жогору», - деп жыйынтыктады Артем Новиков.
 
     


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter