У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эпидемологиялык кырдаалды билип туруп той өткөргөн жарандар жана ресторан ээлери жазаланат


Карантин жарыяланганын көрүп, билип туруп атайын той өткөрүп жаткандар жана кафе-ресторандардын ээлери жазаланат. Той-аштардын токтобой жатканынан улам эми катуу тартипте тыюу салына турган болду. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди. Вице-премьердин айтымында, Республикалык штаб той-топурларга бөгөт коюу чечимин кабыл алган, эми аны бекитүү калды. Сунушка ылайык, коронавирус кооптуулугуна байланыштуу өлкөдөгү бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилет. ⠀

 "Бүгүн Штаб ресторандарда үй-бүлөлүк, жамааттык мааракелерди өткөрүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Мындан сырткары, 50дөн ашуун адам бата турган кафелер дагы ишин токтотушу керек.  Эпидемологиялык кырдаалды билип туруп той өткөргөн жаран жана ресторан ээси Эреже бузуулар кодексинин 150-беренеси, Жазык кодексинин 280 жана 285-беренелери боюнча жоопко тартылат. Аларга айып салуу жана башка чаралар колдонулат. Бул чектөөлөргө куран окутуулар дагы кирет", — деди Өмүрбекова. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter