У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: "Жалал-Абад" санаторийин басып алуу аракетине Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок"


18-19-декабрда болгон "Жалал-Абад"  санаторийин басып алуу аракетине Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок.  Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Белгилей кетчү учур, административдик имараттын ичиндегилер УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин басып алуу иштерине тиешеси бар экендигин айтып кыйкырышкан. Санаторийди басып алуу аракети боюнча  тапшырмаларды берилген эмес  жана мындан ары да берилбейт» дейт УКМКнын маалыматында. 

Ошондой эле Ташиевдин атын жамынып мыйзамсыз иш алып баргандарга карата катуу чаралар колдонуларын жана ал мыйзам чегинде кылмыш ишинин козголушуна чейин бара тургандыгын кошумчалашты.

"Кесиптер бирлиги федерациясынын "Кыргыз курорт туризм" башкармалыгынын жетекчиси Күчүков жана ал "Жалал-Абад" санаторийине директорлукка мыйзамсыз дайындаган Айтиев бир нече кишилер менен келип, административдик имаратка кирип, директордун кабинетин ээлеп алууга аракет кылышкан", дешет УКМКдан.

Санаторий жетекчисинин милдетин аткаруучу Сатыгулов башка жетекчи дайындалган буйрук менен таанышкандан соң, ал документ жараксыз экендигин айткан. "Жалал-Абаддын" жетекчиси Абышкаевдин ооруп жаткандыгы боюнча документ бардыгын, мындай учурда анын кызматтан алынышы мыйзамсыз болуп каларын билдирген.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 208-беренесинин ("Имаратты өз алдынча басып же ээлеп алуу") негизинде катталган.

Учурда бул боюнча Жалал-Абад шаардык ИИБинин Тергөө башкармалыгында сотко чейинки иштер жүрүп жатат.
Ал эми Күчүков менен Айтиев Жалал-Абад шаардык ИИБине тергөө иш-чараларынын негизинде жеткирилген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter