У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1 адам көз жумду, 82 бейтаптын абалы өтө оор. Сутка ичинде 132 адам илдет жуктурду...


Кыргызстанда бир сутка ичинде 132 киши коронавирус жуктуруп алды, ал эми 225 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 45;
  • Ош — 6;
  • Чүй облусу — 21;
  • Талас облусу — 5;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 32;
  • Жалал-Абад облусу — 16;
  • Баткен облусу — 6.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган кишилердин саны 79 254кө жетти.
Ал эми COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда төмөнкү жактарда катталды:
  • Бишкек — 80;
  • Ош шаары — 23;
  • Чүй облусу — 34;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 6;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 28;
  • Жалал-Абад облусу — 24;
  • Баткен облусу — 21.
Ушуну менен жугуштуу ооруну жеңгендердин саны 73 005 болду.

Ал эми COVID-19 илдетинен сутка ичинде бир адам көз жумган. Ал Баткен облусунда дарыланып жаткан. Каза болгондордун жалпы саны 1 331ге жетти.
Ошондой эле стационарда 1 636 бейтап дарыланууда. Анын ичинде 28 адам канааттандырарлык абалда, 1088и орточо, 438и оор, 82си өтө оор абалда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter