У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


560 миӊ сомго жол эрежесин бузган айдоочу кармалды


Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жол эрежесин бир нече жолу бузган айдоочуну табышты. Жол эрежелерин бузганы үчүн айдоочуга салынган айыппулдун суммасы 560 миң сомду түздү. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Буга чейин массалык маалымат каражаттарына Данияр Абжапаров атту жарандын кайрылуусу чыккан. Ал сегиз жыл мурун Volkswagen Vento автоунаасын саткан, бирок өткөн жылы ага Коопсуз шаар тутуму тарабынан катталган мыйзам бузуулар боюнча протоколдор келе баштаган. Айыппулдун жалпы суммасы 560 миӊ сомду түзүп, сот айыппулду төлөбөсө Абжапаровдун мүлкүн камакка аларын аткан. Абжапаров эреже бузган айдоочуну табуу мүмкүн эместигин айтып, укук коргоо органдарына кайрылуудан майнап чыкпаганын билдирген.
 
Кайрылуудан кийин патрулдук милиция жол эрежесин бузган унааны издей баштады. Жыйынтыгында, 26 жаштагы С.С. аттуу жаран Кант шаарынан табылып, милицияга жеткирилген. Сурак учурунда ал унааны 2017-жылы башка бир сатып алгандыгын, Абжапаров жөнүндө интернеттен окугандан кийин, аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү чечкенин айткан. Айдоочу жол эрежесин көп бузгандыгын танбайт.
 
Кармалган адам унааны тетикке сатып салгандыктан, унааны камакка алууга мүмкүн болгон эмес.  
 
Патрулдук милиция бул иш процесси сотто улантылышы мүмкүн деп белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter