У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгендиги аныкталды


Өспүрүмдөргө болгон кордук токтой элек. Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда кыздын жактоочусу Шердор Абдыкапаров "Супер кж" маалымат булагына билдирди.

Анын пикиринде  кыздын чоң апасы жардам сурап кайрылган. Анда небересин өгөй атасы зордуктаганын айтып берген.

"Өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келген. Кыз зордуктоо жөнүндө чоң апасына, анан жеңесине айтып берген. Алар милицияга кайрылышкандан кийин бул факты 5-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кыз милиция кызматкерлерине баарын айтып, өгөй атасы аны кайсы жерде зордуктаганын көрсөтүп бергенине карабастан, маселе дагы деле кыймылдабай турат", - деп билдирди жактоочу.

Кыз учурда психикалык ооруканада жатат...Аны өгөй атасы менен өз апасы келип ооз ачсаң өлтүрөм деп коркутушкан...

"Өспүрүмдүн өгөй атасы ишти жабуу үчүн кызды психикалык ооруканага жаткырган. Ал өз көрсөтмөлөрүн жактоочуга видеого тартып калуусун өтүнгөн. Кечээ, 17-декабрда өгөй атасы менен апасы келип, кызды унчукпоосун талап кылып кызды "өлтүрөм" деп коркутушуптур", - дейт Абдыкапаров.

Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББинен жашы жете элек кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталганы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканын билдиришти. 

"5-декабрь күнү Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, анда шаардагы үйлөрдүн биринде жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Токмок шаарынын ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда 2005-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм кыз 2018-жылдын август айында өгөй атасы тарабынан зордукталганын айтып, апасы жана эжелеринин бири болуп, ич-ара урушуп жатышканы белгилүү болгон.Белгилеп коюучу жагдай, өспүрүм кыздын ички иштер органдарына арыз жазуусуна апасы жана жакын тууганы каршы болушуп, алар үй-бүлөнүн ичиндеги көйгөйдү өз ара чечип аларын айтышкан. Бирок милиция кызматкерлери тарабынан бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.Ошол эле учурда өспүрүм кыз, апасы жана туугандарынын бири ички иштер органдарына жеткирилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң кыз үйүнө кайтуудан баш тарткан. Токмок ШИИБинин өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясы кызды атайын өспүрүмдөр жашоочу жайга жайгаштыруу боюнча социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Милиция кызматкерлери тарабынан кыздын апасы жана өгөй атасы суралып, алар зордуктоо фактысы болбогонун билдиришкен", - деп билдиришти мекемеден.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter