У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Милиция бирөөлөрдүн машинасын айдап, бирок таптакыр жооп бербей, менчиктеп алып жүрө берсе болобу?

Мен Чынбаев Кошойбек Жумабекович, 07.06.2020 жылы Молдобаев Арслан Токтогулович деген аттуу жаранга Митсубиси Айртэк, ак түстөгү, мамлекеттик номери 562АВW, автоунаамды 10 күнгө карызга бергем. Ошол бойдон Молдобаев А.Т. дайынсыз болуп кетти. 

08.07.2020 Октябрь районуна 4-ГОМго арыз менен кайрылгам. Ишти Эргешов Улукбек Шамшидинович деген тергөөчү ишти караган болчу. РППнын номери №02-055-2020-011324. Бирок ал ишти өз денгээлинде караган жок. 

Мен өз денгээлим менен өзүм издеп, автоунааны Октябрь районунун опер кызматкери угон менен иштеген Айбек аттуу опер кызматкери айдап жүрүптүр. Алып келип Эргешов У.Ш. тергөөчүгө өткөрүп бергенбиз. Ошол бойдон ишти карабай койгондуктан, ИИМдин тергөө бөлүмүнө арыз менен кайрылгам. Ал жактан Руслан аттуу тергөө кызматкери ишти козгоп «карга карганын көзүн чукубайт болуп» ишти Октябрь райондук прокуратурага өткөрүп салган. Прокуратура болсо Бишкек шаарынын УКМКсына өткөрүп берген. Эч кимиси Айбек аттуу опер кызматкерине баа бербестен ишти кыскартып салган. 

Андан кийин ошол бойдон иш токтоп турду. Мен Чынбаев Кошойбек Жумабекович Октябрь районунун башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Азиз аттуу кызматкерине 3-4 жолу кирдим. Акыркы киргенимде Айбек деген ыкчам кызматкер «Автоунааны ломбарддан сатып алдым» деп көргөзмө бериптир. Акыркы киргенимде Азиз зам.опер мага айтты – «Ал машине ломбарддан келген эмес, башка жактан келген» деп айтты. Андан кийин машинени менден алган Молдобаев А.Т. мага чалып, “Машинени мен ломбардка берген эмесмин, Октябрь районунун сотрудниги Азиз деген аттуу сотруднике бергем” деп айтты, ошол боюнча байланышка чыккан жок.  

РОВД тергөөчүнү алмаштырды. Эргешов У.Ш.ны алып анын ордуна Ибраимова Айдай  аттуу тергөөчүгө өткөрүп берди.  Эч жыйынтык жок. Ошол бойдон менин арызым ушул күнгө чейин эч бир жыйынтык чыгарылбай, каралбай келет. 
Милиция бирөөлөрдүн машинасын айдап, бирок таптакыр жооп бербей, менчиктеп алып жүрө берсе болобу?
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter