У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кош бойлуу, бала эмгизген айымдар үчүн лимондун ширеси табылгыс дары



Ооруну басат - Лимондун ширеси жөн гана чайды даамдуу кылып адамдын организмине керектүү витаминдерди гана бербестен, чыдатпай ооруткан башты, тишти, айымдардын айыз учурундагы ооруларын басуучу эң сонун каражат болуп эсептелет. Тишибиз ооруса дароо эле дарыканага чуркап, ооруну басуучу таблеткаларды ичип баштайбыз. Анын баары бизге зыян экенин жакшы билебиз. Бирок ооруну басуу керек. Мына ушундай учурда, өзгөчө кош бойлуу, бала эмгизген айымдар үчүн лимондун ширеси табылгыс табигый дары. Ал үчүн лимондун ширесинин бир нече тамчысын  кайнатылган жылуу сууга  кошуп ичүү керек. 20-25 мүнөттөн кийин оору басылат.
 
Сөөлдөргө каршы - Кээ бир адамдардын денесине сөөлдөрдүн түрү пайда болуп аны кетирүү үчүн айрымдар хирургдардын жардамына муктаж болсо, кээ бирлери дарыканадагы чистотелди колдонот. Мына ушундай сөөлдөргө каршы күрөшүүдө лимон зор роль ойнойт. Табигый, таза, терини күйгүзбөйт. Ал үчүн күнүгө эртең менен кечинде  лимон менен сөөлдөрдү сүртүп туруу жетиштүү. Бир канча убактан кийин сөөлдөр кургап жок болушат. 
 
Какачка каршы - какач тажатып, жүдөтүп, арыла албай айласы кеткен адамдар көп. Кандай гана кымбат шампундарды колдонгонуна карабай, какачтан арыла албай жүргөндөр үчүн лимондун ширеси табылгыс нерсе. Какачка каршы күрөшүү үчүн 2 чай кашык лимондун ширеси менен күнүгө башты сүртүп, аны 10 мүнөт калтырып андан кийин жылуу суу менен жууп коюу керек. Бир канча убактан кийин какачтан арылып, ишенимдүү жүрүп каласыз. 
 
Кирлерди кетирет-  Лимондун ширеси кир жуучу каражатты үнөмдөп, кийим –кечелердин таза жуулушуна да жардам кылат. Кир жуурдун алдында бир лимондун ширесин сыгып алып аны кир жуучу каражат менен чогу колдонсо кийимдер  абдан таза жуулуп, жалтырап калат жана кийимде эч кандай так калбайт. 
 
Курт- кумурскалардан сактайт- Жаз келип күн жылыры менен жердин бетин курт- кумурскалар бербей калат. Айрым учурларда кумурскалар үйгө чейин кирип, аларды кетире албай айлабыз куруйт. Мына ошол учурда лимондун ширеси менен кумурскалар кирип жаткан жерди, каалгаларды, терезелерди сүртүп, лимондун ширеси кошулган суу менен полдорду жууп коюу талап кылынат. 
 
Агартуучу касиетке ээ- Дүкөндөрдө, базарларда сатылып жаткан кийимдерди агартуучу каражаттардын баарынын курамында химикаттар бар экени жалпыбызга маалым. Ошол химикат кошулган агартуучу каражаттардын ордун лимон менен алмаштырып алсак болот. Кийимдердеги агаруу үчүн лимондун ширеси менен сода кошулган сууга кийимдерди 2 саат чылап коюп, андан кийин кадимкидей жуусак, кийимдерибиз жаркырап, аппак болуп чыга келет. Ден соолукка да зыяны жок. 
 
Абаны тазалайт- Кээде бөлмөлөрдүн ичи жагымсыз жыттанып, жыт көпкө чейин кетпей ыңгайсыздыкты жаратат. Мындай учурда дүкөндөрдөгү жыпар жыртуу аба тазалай турган каражаттарды колдоно баштайбыз. Бирок мындай каражаттар кээ бир учурда башты оорутуп, адамдарга терс таасирин тийгизет. Анткени курамында химиялык кошулмалар бар. Ошондуктан ошол эле акчага лимон сатып алып, анын ширесин сууга кошуп полдорду жууп койсок, бөлмөнүн ичиндеги жыт заматта жок болуп, аба тазаланат. 
 
Жүрөккө жакшы - Азыркы учурда жүрөк  кан-  тамыр ооруларына чалдыккандар абдан эле көбөйдү. Анан албетте, баары жүрөктүн дарыларын ичип жүрүшөт. Лимон ал таблеткалардын ордун алмаштыра ала турган өсүмдүк. Анткени лимондун составында калий элементи көп. Ал кан- тамырлардын иштөөсүн  жөнгө салат. Ошондуктан күндө чай менен же жөн гана кайнатылган жылуу сууга лимонду кошуп ичип туруу керек. Баса, ачкарын лимондун ширесин кайнатылган сууга  кошуп ичкен адам ашказан оорусу жана ич катуу дегенди билбейт. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter