У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай коронавирусту АКШы таратты деп шектенүүдө


 
Кытай Эл республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  расмий  өкүлү Чжао Лицзянь Кытайдын Ухань шаарына коронавирусту Американын аскерлери алып келиши мүмкүн деген билдирүү таратты. 
 
«АКШда биринчи жолу ким ооруган? Канча адам вирус жуктурган? Алар кайсы ооруканаларга жаткырылган? Оюбузча, так ушул америкалык аскерлер Уханга вирусту алып келишкен. Ачык  болгула! АКШда коронавирусту жуктурган адамдар жөнүндө маалыматтарды ачыктагыла! АКШ баарыбызга түшүндүрмө бериши керек!» - деген  дипломат Чжао Лицзяндын сөзүн ТАСС мисалга келтирген. 

Бүгүнкү күндө АКШда вирусту жуктуруп алгандардын саны 1162 адамга жетип, анын ичинен 37 адам каза тапкан.

Кытайдын бардык региондорунда, Хубеэйден башка, акыркы жумада оорунун жаңы учуру катталган жок. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter