У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Адвокат: "Эмне себептен Тилек Токтогазиев менен Эльвира Сурабалдиева октябрдагы митинг боюнча жоопко тартылган жок?"



Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин таламын талашып жаткан жактоочу Замир Жоошев 5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда азыркы айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жана вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева дагы жүргөнүн, бирок алар эч кандай жоопко тартылбай, тескерисинче майлуу кызматтарды ээлеп отурганына нааразы болду. 

"Октябрь башаламандыгында азыркы айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жана вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева дагы жүргөн. Эмне себептен алар кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок? Балким, ага негиз болгон эмес. Демек, Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевди күнөөлөгөнгө дагы негиз жок", - деди Жоошев.

Эске салалы, Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду жана Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарууну жакындары жана жактоочулары суранып жатат.

"Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевге карата Кой-Таш окуяларынан тышкары 5-6-9-октябрда Бишкектеги болуп өткөн массалык башаламандыкка катышкан деген айып коюлду. 5-6-октябрда экөө тең СИЗО-1де болушкан. Эртең менен соттун аларга карата баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу токтому келгенден кийин гана бошотулган. Ал эми 9-октябрда өткөн тынчтык митингинин катышуучуларынын арасында Ниязов дагы, Сагымбаев дагы болгон. Бирок алар элдин алдында биримдикке келүү, ынтымакта болуу тууралуу сөздөрдү айтышкан. Бул кылмыш эмес да" дейт ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter