У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көл облусунда курал жарактар менен ок-дары сакталган жер табылды

 
 УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгүнө каршы турууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда курал жарактар менен ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет. 
 
Табылган жерден “ТТ” жана “ПМ” маркаларындагы тапанча, аңчылык куралы (кесилген), кесилген курал (карабин менен кесилген мылтык), 39 ок дары жана 6 газ травматикалык тапанчанын 6 огу табылып алынды. 
 
Табылган курал жарактар жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.
 
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү (Курал-жарак, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
 
 Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.  
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter