У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Салык кызматы Новиковдун сынына жооп кайтарды


Интернетти аралап кеткен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" көзөмөл-өткөрмө пунктун кыдыруу учурунда салыкчыларга айткан сынына  Салык кызматы  жооп берди.

Анда Салык кызматы мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын (АМС) ишке киргизүү боюнча бардык керектүү иш-чараларды өз убагында аткарганы белгиленет. Ал эми көзөмөл өткөрүү пунктуларынын иштөөсүн камсыздоого салык кызматынан тышкары 8 мамлекеттик орган жооптуу экенин айтууда.

“Өкмөттүн 3-ноябрдагы кеңешмесинде Чек ара кызматынын кызматкерлерин керектүү уюштуруу техникасы менен камсыздоо жана 15-ноябрга чейин “Жыйынды пост” АМСти колдонуу боюнча окутуу тапшырмасы берилген. Аны аткаруу үчүн Салык кызматы 13-ноябрда “Чалдовар” өткөрүү пунктуна керектүү жабдууну берген. Белгилей кетсек, Салык кызматы март айында эле “Жыйынды постту” ишке киргизүүгө даяр болгон. Бирок башка органдардын даяр эместигинен улам система ушул кезге чейин толук ишке киргизиле элек”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган программа 16-18-ноябрь күндөрү сыноодон өткөрүлүп, анда дагы оңдоп-түзөө зарылчылыгы жаралган. Аларды жоюу башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирери белгиленди.
Ал эми жаңы орнотула турган кошумча видеобайкоо камераларынын жоктугу боюнча да жооп берип, аны орнотуу тапшырмасы Салык кызматына эмес, Чек ара кызматына берилгени айтылат.

“Бетамонт” салмак габариттик контролдун динамикалык системасынын тийиштүү деңгээлде иштебегендиги тууралуу түшүндүрө турган болсок, Салык кызматы ал система менен маалыматтырды салыштыруу мүмкүн эместигин бир нече жолу маалымдаган. Анткени ал Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында болуп, салмак габариттик контролдоо адистери тарабынан тейленет. Бул маселе боюнча өкмөттүн аппаратына жана мамлекеттик органдардын дарегине 15тен ашуун кат жолдонгон. Башка органдардын аракетсиздиги үчүн Салык кызматы жооптуу эмес. Мисалы, электроэнергиянын өчүрүлүшү, суунун, интернеттин жоктугу жана башкага жооп бербейт”, — деген позициясын билдирди.

Өлкөгө кирген автоунаалардын саны тууралуу Салык кызматы, Чек ара кызматы, Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматтарындагы айырма боюнча ар бир мамлекттик орган кызматтык функцияларына жараша каттоонун өзүнө таандык методикасын колдонорун айтты.

Мисалы:
Салык органынын кызматкерлери үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн жүк (товар) импортточу транспорттук каражаттарды белгилеп турат. Бирок ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттоо же жеке максатта товар ташуучу автоунааларды гана каттоого алат;
Чек ара кызматы бардык, анын ичинде, үчүнчү өлкөлөрдөн кирүүчү транспорттук каражаттарды белгилейт;
Транспорт жана жолдор министрлиги салмак габариттик контроль аркылуу 18 тоннадан оор – жолдун кыртышын бузган жүгү (товары) бар автоунаалары гана тескейт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter