У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айдаган автоунааӊыз сиздин ким экениӊизден кабар берет



Кызыл 
Кызыл түстөгү машинаны көбүнчө өзүнө ишенген, коомдо өз орду, кадыр- баркы бар, албан- албан ийгиликтерге жеткен адамдар тандашат. Алар өзүн көрсөткөндү, тобокелчиликтен коркпогон, лидерлик сапатка ээ адамдар болушат. 
Саргыч 
Саргыч-  активдүүлүктүн, оптимизимдин, ылдамдыктын түсү болуп саналат. Мындай түс көп учурда адамдарга ийгилик жана бактылуулук алып келет. Саргыч түстүү автоунааны энергиялуу, чыгармачылык потенциалы зор, күчтүү, эрктүү, жашоонун кыйынчылыктарынан тайманбаган адам айдайт. 
Сары 
Сары түс – жаӊы идеялардын ачылышына бай, кыялкеч, романтиканы сүйгөн адамдардын түсү болуп саналат. Мындай адамдар жашоонун ар кандай көйгөйлөрүн жеӊил эле, кимдир бирөөнүн жардамысыз эле чечип кое алышат. Сары түстүү машинанын ээлери көӊүл чордонунда болгонду сүйүшөт. 
Жашыл
Нейтралдуу өӊ болуп эсептелет.  Мындай түстү чоочун адамдардын терс жактарын өз жашоосуна таасирин тийгизбөөнү каалган адамдар тандашат. Мындан сырткары бул өӊдү жактыргандар дайыма жаӊы нерселерге жетүүгө умтулушат жана ишке ашпай турган жагдайларга кол сунушат. Дайыма эсеп менен жүрүшөт. Бирок алар абдан ишеничтүү. Ошондуктан жашыл түсү жактырган адамдарга дайыма ишеним артса болот.
Көгүш
Көгүш түс- тартынчаак мүнөздөн, коркунучтан арылтат. Көгүш түстөгү автоунаанын ээси креативдүү, көпчүлүктөн башкача ой жүгүрткөн, жандүйнөсү бай адам болот. Бул түс адамды тынчтандырып, мээни сергитет. 
Көк
Көк түс адамдын психологиясын өстүрөт жана укмуштуудай энергия тартуулайт. Мындай түстөгү автоунааны бардык сырын ичине каткан, жашыруун ой жүгүрткөн адамдар тандашат. Көпчүлүк учурда көк түстөгү автоунааны эркектер гана айдашат, кыздар бул түстөгү унааны алышпайт
Боз 
Боз түстөгү автоунааны майдачыл, эч кимге ишенбеген, сырдуу жүргөн адамдар тандашат. Алар жолдо дайыма эрежени так сактоого аракеттенишет, бирок ар убак тырышып жүрүшөт. 
Күмүш түс
Күмүш түстөгү автоунаанын ээси уникалдуу, жактаганын берген эгоист болушканы менен интеллектиси бийик, лидер, башкарганды билген, жашоодо өз ордун тапкан, мактоону жактырбаган адамдар болушат. 
Күрөӊ
Мындай түстөгү автоунаанын ээси дайыма өзүн колго ала билген, консервативдүү, жол эрежесин так сактаган, туруктуу адамдар болушат. 
Ак 
Ак түстөгү автоунааны жактыргандар чечкинсиз, өзүнө ишенбеген, коркок адамдар болушат. Алар дайыма өздөрүн ишенимдүү, токтоо алып жүрүүгө аракет кылышат. Бирок ал нерсе ишке ашпайт. Себеби алар табиятынан кыялкеч, романтик келишет.
Кара 
Кара түстү башкаларды таӊ калтырууну же суктандырууну каалган кишилер тандашат. Алар жашоодо, жолдо жүрүгөндө да тобокелчиликке баргандан чоочушпайт. Кара түстөгү  автоунаа ээсинин ишенимин арттырат. 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter