У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аксыда окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды…

Аксы районунда мектеп окуучусун классташтары аёосуз сабаганы тартылган видео тасма тарады. Тасмада төрт-беш өспүрүм бирөөсүн туш тарабынан ур-токмокко алып жатканын көрүүгө болот. Бул окуя мектептеги ээнбаштык маселесин козгоп, коомчулукта мугалим, ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу талкууларга жем таштады. "Ал окуядан бери бир айдан ашуун убакыт өтсө дагы, укук коргоо органдары тиешелүү аракеттерди көргөн жок" деп сындар айтылып жатат.
 
Жалал-Абад облусунда окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды. Билим берүү жана илим министрлиги окуя 6-февралда Аксы районундагы №5 орто мектептин аймагында катталганын тастыктады.
 
Министрлик: "9-класстын алты окуучусу ушул эле класстын окуучусун сабаган. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда. Окуядан кийин мектептин социалдык педагогу жумуштан алынган. Директору Кененбай Шабданов өзүнүн иш милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду", - деген маалымат таратты.
 
Райондук милиция «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки териштирүү иши ачылып, алты окуучу шектүү катары тергөөгө тартылганын кабарлады.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, жакында иш сотко жөнөтүлгөнү турат. Жабыркаган баланын апасы тосмо арыз жазып бергенине карабай окуяга укуктук баа бериле турган болду.
 
Негизи министр Каныбек Исаков маселени чечүүнүн жолу катары окуучулардын мушташы үчүн директорду иштен алганы анчейин калыстык болбоптур.  Мектеп билим берүүчү мекемеби же мушташ-урушту жөнгө салчу жайбы?.. Сабактан кийинки учурдагы окуяга мектептин директору же мугалим жоопкер эмес. Ата-энелердин да жоопкерчилиги бар. Министр мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүп, билим берүү тармагын реформалоого маани бериши абзел. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter