У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рита Карасартова: «Буга чейинки президенттер да хан болобуз деп ойлошкон»

 
Буга чейинки президенттер дагы ойлогон хан болобуз деп. Ханституциясына жол жок. Бул тууралуу Рита Карасартова фейсбуктагы баракчасына жазды. 

"Жүзү курусун деп лидер сүйлөбөйт - бул биринчиден, экинчиден 2010 жылы Садыр Жапаровдун партиясы шайлоодон утуп чыгып спикер -Келдибеков, Жапаров - соттук реформа боюнча комитеттин башчысы болуп, соттор тандоо кеңешке өз досун алып келип, акча аркылуу коррупционерлердин баарын сот системага алып келген киши сүрөттө турат.
Кайра-кайра 30 жылдан бери жасалбаган деп сүйлөбөсүн, 10 жылдан бери какшаган Кумторду өзү комиссар болуп турганда үн каткан эмес, эми кайра бийлике келгенде ал жерде алтын жок, деп кулагыбызга күл өстүрүп койду.
Алдамчылыктын дагы чеги болуш керекда, бети кызарбай туруп өрдөктөрүн учуруп атат, эч нерсе эмес, ар бирибиз колубуз менен кылганды - башыбыз менен тартабыз. Буга чейинки президенттер дагы ойлогон Хан болобуз деп. Ханституциясына жол жок!!!"-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter