У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан малды сыртка сатууга тыюу салды


 Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Акчабарга» билдирди. 
 
 «Учурда Өзбекстанга мурункуга салыштырмалуу он эсе көп мал өтүп жатат. Ички рынокту мал менен камсыздай албай калуу коркунучу бар болгондуктан сыртка мал чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка азыр эле коюлду. Тиешелүү жарлык өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Тиешелүү жарлык  койгондон тарта күчүнө кирет»,- деди Токтогазиев.
 
Этке болгон талаптын Өзбекстан тараптан жогору болуп жатканынын себеби, Өзбекстандын мал чарбасын колдоо боюнча эл аралык программа жүзөгө ашырылып жаткандыгында. 
 
Эске салсак, Кыргызстанда этке болгон баанын саны кескин түрдө өсүп, уйдун жана койдун этинин килограммы 450-500 сомго чыкты. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter