У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурдагы министр Каныбек Исаков дүйнө салды

 
 Дүйнөнү каптаган апаат илдет арабыздан кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковду алып кетти.

Анын пневмония дартынан улам каза болгонун жакындары тастыкташты. Буга чейин кант диабети менен дагы жабыркап жүргөн.
 
Каныбек Исаков жарым кылымдык өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн билимге, илимге арнаган бирден бир кесипкөйлөрдүн бири эле. Ал 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. 1987 — Ош мамлекеттик университетине кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча тапшырган.

1988 – 1990 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1990 – 1993 — Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып, кызыл диплом менен аяктаган. 1993 – 1997 — ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде мугалим, 1995 — "Нур" гезитинин башкы редактору, 1997 – 1998 — Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары, 1998 — ОшМУнун ректорунун тарбия иштери боюнча жардамчысы, 1999 — ага окутуучу, 2000 – 2005 — ОшМУнун коомдук тарбия иштери боюнча проректору, 2005 – 2006 — ОшМУнун мамлекеттик тил иштери боюнча проректору, 2006 – 2011 — Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору, 2011 – 2019 — ОшМУнун ректору, 2019-жылдын 11-сентябрынан тарта КР билим берүү жана илим министри болуп эмгектенип келген жана жакында эле кызматтан кеткен.  

Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Учурда филология илимдеринин доктору, профессор. Көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору болгон. Исаковдун багына пандемия маалында билим берүү тармагын жетектөө буюруп, салттык билим берүү режиминен аралыктан окутууга өтүү түйшүгү ага жүктөлдү. Бирок билимге жанын берген устат бул жоопкерчиликти да мыкты көтөрүп, өзүнүн ишин жогорку деңгээлде ишке ашыра алды.

Fabula.kg сайты анын жакындарына, үй-бүлөсүнө, шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter