У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир нече унааларды айдап качкан өспүрүмдөр кармалды (видео)


 
Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери бир нече автоунааларды айдап качкан өспүрүмдөрдү кармашты. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
 
Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү Бишкек шаарынын тургуну “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаасын уурдатканы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факты КЖБРге катталып, Биринчи май райондук ИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автомототранспорттук каражаттарды айдап качуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жогорудагыдай арыз менен башка жабырлануучулар да милицияга кайрылышкан.
 
Кылмыштын бетин ачуу максатында, милиция кызматкерлери бир нече божомолдордун үстүндө иштеп, шектүүлөрдүн кайда жүргөн жерин аныкташкан.
 
Милициянын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында шектүүлөр Бишкек-Ош жолу менен бара жаткандыгы аныкталып, Таш-Көмүр шаарынан кармалган. Кармалгандар Ош облусунун тургундары С.А. менен А.Р. болгон. Экөө тең жашы жете элек өспүрүмдөр, бирөө буга чейин тоноо үчүн соттолгон.
 
Криминалдык милициянын маалыматына ылайык, кармалгандар Бишкек шаарынын аймагында “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааларды уурдоо боюнча 4 фактыга тиешеси бар. 3-ноябрь күнү түнү менен алар бул үлгүдөгү автоунааны айдап качып кетишкен. 5-ноябрь күнү түнчүндө Сельпов көчөсүнөн дагы айдап качып кеткен факты катталган. 5-ноябрь күнү таңында “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны Ак- Босого жаңы конушунан айдап качып кетишкен. Кармалгандар айдап качып кетишкен автоунаалардын айрымдарын жол кырсыгына учуратып, талкалашып, таштап кетип жүрүшкөн. Автоунаалардын ичинен буюмдарды дагы уурдап кетишкендиги дагы белгилүү. Болжолдуу алдын ала маалыматтар боюнча акыркы айдап качып кетишкен автоунааны сатууну көздөшкөн.
 
Учурда бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter