У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров: "Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруп баштайбыз"


Бүгүн, 9-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Нарынга иш сапары менен барганда Жогорку Нарын ГЭС каскады курула баштаарын айтты:

«Кудай буюрса муну кура баштайбыз. Анткени биз өзүбүз электр энергиясын чыгарган, суунун башында турган өлкө болуп туруп кыштын күнү, тескерисинче, кошуна өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Быйыл да сатып алат экенбиз. Башка өлкөлөрдөн сатып албаш үчүн биз ГЭСтерди тез аранын ичинде курушубуз керек» дейт ал.

Эскертели,  Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык катталган. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын айтып, бул келишимден чыккан. Кийин орус тарап «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Быйыл май айында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги жетекчиси Айтмамат Кадырбаев арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter