У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат


 Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолгонуна байланыштуу Кыргызстан Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергия сатып алат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров 5-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, коӊшу мамлекеттен электр энергиясын сатып алууга Токтогул суу сактагычындагы суунун аз топтолгону себеп болууда. Учурда Токтогул суу сактагычында 14,7 млрд. куб метр суу бар. Бул өткөн жылга салыштырганда 2 млрд. куб метрге аз.
 
Калкты электр энергиясы менен камсыздоо максатында Кыргыз өкмөтү 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан 500 млн. киловат саат электр энергиясын сатып алуу чечимин кабыл алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter