У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектептерди ачуунун ар кандай жолдору сунушталууда


Билим берүү министрлиги мектептердеги билим берүү процессин жандандыруунун ар кандай жолдорун сунуш кылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова маалымат каражаттарына билдирди. 
 
«Мектептерди ачууда ар бир мектеп өзүнчө чечим кабыл алат. Ал үчүн эки талап коюлган, биринчи талап- туруктуу кырдаал, экинчи талап - санитардык нормаларды сактоого шарт түзүү», - деди Кусеинова.
 
Анын айтканына караганда, мектептерде билим берүүнү жандандыруу мектептердеги окуучулардын санына жараша болот. Ал үчүн үч вариант сунушталууда:
Вариант 1.
Мектептерде окуучулардын саны, менчигинин түрүнө карабастан, 300гө жетпесе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн уруксаты бар болсо, анда алар 1-класстан 11-класска чейин окушат.
 
Вариант 2.
Мектепте окуучулардын саны 600гө чейин болсо, ал мектептер этап-этабы менен ачылат. Маселен, биринчи этапта - 1, 5, 9, 11 класстар, экинчи этапта – калган класстардын окуучулары мектептен билим алууга өтүшөт. 
 
Вариант 3.
 600дөн ашуун окуучусу бар мектептер санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уруксаты менен, этап-этабы менен ачылат. Биринчи этапта 1, 5, 9, 11-класстар мектептен билим алышат, калган класстар кийинки этапта мектепке келишет.  1 жана 11-класстар биринчи орунга өтүшөт.
 
Ошондой эле ал 1- жана 11-класстын окуучуларын 2 жумага окутуу сунушталып жатканын, эгер эки жуманын ичинде, бул кырдаалга таасир этпесе, анда мектептин администрациясынын чечимине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен башка класстардын ачылышы мүмкүн экендигин айтты. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter