У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Барак Хусейн Обама жана жубайы Мишель Обама тууралуу кызыктуу фактылар



Барак Хусейн Обама афроамерикалык биринчи  президент”


Барак Хусейн Обама 2009-жылдан 2017-жылга чейин өлкө башында турган  Кошмо Штаттардын 44-президенти. Ал президент катары кызмат кылган биринчи афроамерикалык болуп саналат.  Обама 1961-жылы Гонолулуда туулган. Бирок бала чагы  Гавайиде өткөн. 1983-жылы Колумбиялык университетти бүтүргөндөн кийин ал Чикагодогу жамааттарды уюштуруучу болуп иштейт.

1988-жылы Обама Гарвард юридикалык мектебине тапшырып, анда Harvard Law Review журналынын эң биринчи кара терилүү президенти болуп иштеген.  Окуусун бүтүргөндөн кийин  адвокат жана жарандык укуктар боюнча профессор болуп, 1992-жылдан 2004-жылга чейин Чикаго университетинин юридикалык мектебинде конститутуциялык укуктан сабак берет. 

“Саясий карьерасы тездик менен бийиктикке жеткен”


Обама 1997-жылдан 2004-жылга чейин Иллинойс штатынын Сенатында 13-округдун өкүлү болуп турган, андан кийин АКШ нын Сенатына шайланган. Обама 2004-жылы март айында күтүүсүз жеңиши менен улуттун көңүлүнө арзыган. 2008-жылы Обама шайлоо компаниясынын башталышына бир жыл болгондо жана Хиллари Клинтонго каршы кылдат биринчи компания жабылгандан кийин президенттик постко талапкер катары көрсөтүлөт. Ал республикачыл Жон Маккейндин үстүнөн жеңишке жетишип, 2009-жылдын 20-январында инаугурациясы өттү. Тогуз айдан кийин Обама 2009-жылдын тынчтыктын Нобель сыйлыгынын лауреаты болду. Обама өзүнүн постун 2017-жылдын январында 60% колдогон рейтинг менен таштап кеткен. Азыркы учурда ал Вашингтондо, Колумбия округунда жашайт. 
 
Жубайы Мишель  Обамага билимдин арты менен жолугуп калат...
 
Мишель жолдошунан 3 жашка кичүү.  Америкалык адвокат жана жазуучу. Ал 2009-2017 жылдары Кошмо Штаттарддын биринчи айымы болгон. Ал Кошмо Штаттардын 44-президенти Барак Обамага турмушка чыккан жана биринчи африкалык-америкалык айым деп айтылып келет.  Чикагонун түштүк жагында, Иллинойс штатында чоңойгон Мишель  Принстон университетин жана Гарварддын юридикалык мектебин аяктаган. Алгачкы юридикалык карьерасын Сидли Остиндин юридикалык фирмасында баштап, ал жерден болочоктогу күйөөсүн жолуктурган. Кийинчирээк ал Чикаго университетинде студенттик кызматтар боюнча декандын жардамчысы жана Чикаго университетинин Медициналык борборунун сырткы байланыштар жана жамааттар иштери боюнча вице-президент болуп иштейт. 

 
Барак менен Мишель 1992-жылы үйлөнүшкөн жана эки кыздуу болушкан
Экөөнүн ортосунда 2 кыз бар. Обама күйөөсүнүн президенттик талапкерлиги үчүн 2007-2008-жылдары жигердүү үгүттөө жүргүзгөн.  Биринчи айым кезинде Обама  үй-бүлөдө мырза ар дайым бийик тураарына басым жасап, үй-бүлөнүн бекемдигин сактоону үлгү кылып келген. 

Маалымат топтогон Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter