У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзбекстанда жөө жүргөн адамдарга мамлекет тарабынан акча төлөнөт

 
Өзбекстанда 10 миӊ кадам жүргөн адамга өкмөттөн 3000 сум төлөнөт. Мындай жарлыкка Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон.  
 
Маалыматка ылайык, күнүнө 10 миӊ кадам баскан 18 жаштан жогорку жарандар мамлекеттен 3000 сум (25 сом) акы алышат. Күнүмдүк акы чогултулуп, айына бир жолу берилет. Анда ар бир райондо жана шаарда эң көп жөө жүргөн кишиге 300 миң сум (2370 сом) ыйгарылат. Ал эми облустагы эң көп жөө баскан адам 500 миң сум (4000 сом) республика боюнча эң көп баскан жаран миллион сум (8000 сом) алат. 
 
Акчалай сыйлык каралган "Сергек жашоо" платформасы 2021-жылдын 1-мартына чейин иштелип чыгат. Ага 18 жаштан жогорку өлкө жарандары катышса болот.
 
Сыйлыкка каражат бюджеттен бөлүнөт. Азырынча аталган иш-чаранын эрежелери кандай болоору жана кадамдардын саны кандай эсептелери айтыла элек. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter