У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чындап эле Кумтөрдө алтындын запасы калган жокпу, же Жапаровдун калпы...


Премьер-министр Садыр Жапаров 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөрдү улутташтыруу идеясынан баш тартканын билдирди. Ал өз позициясынан 2 жыл мурда кайтканын, Кумтөрдө алтындын запасы калбай калгандыгын, бул тууралуу "Супер инфо" гезитине маек бергенин айтты. 

«Мен бийликке келгенден кийин, эл оюн өзгөрттү деп ойлобошу үчүн, коомчулукка оюмду ачык жана так  түшүндүргүм келет. Алтындын запасы кенде түгөнгөндүктөн, мен 2 жыл мурун позициямды өзгөрттүм. Абакта отурганда мен тынымсыз маалымат алып турдум. Бир аз мурда премьер-министр Абылгазиев 16 миң гектар жер бөлүп берген, анткени борбордук карьерде алтын калбай калган. Алтындын түгөнгөндүгүнөн, мен өз маегимде Кумтөрдү кайтарып алуунун эч кандай мааниси жок деп айткам» дейт ал.


 Мындан улам коомчулукта мындай күмөн ойлор туулду:
 
  • Жапаров чындыгында 2 жыл мурун Супер-Инфо гезитине берген маегинде ушундай билдирүү жасаганбы?
  • Чындыгында Кумтөр кенинде алтын калган жокпу?
  • Кошумча 16 миң гектар жер бөлүнүп берилгенге чейин Кумтөрдө чындыгында алтындын запасы калган жок беле?
  • Садыр Жапаров менен 2018-жылдын архивинен Супер-Инфонун веб-сайтынан интервью табуу мүмкүн болгон жок, бирок 2017-жылдын материалдары чынында эле Кумтөр маселесин талкуулап, Жапаровдун маегинен үзүндүлөрдү келтиришти. Бирок, ошол убакка чейин Кумтөрдү  улутташтыруунун майнапсыздыгы жөнүндө бир дагы сөз жок.

Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Эмил Осмонбетовдун айтымында, Кумтөрдө 2019-жылдын башына карата алтындын запасы 104,3 тоннадан ашып, 5,1 миллиард долларды чапчыды. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 31-июлуна карата жалпы мамлекеттик карыз 4,8 миллиард долларды түзгөн.

Ошондой эле, Centerragold сайтынын маалыматы боюнча, жалпы запасы 100 тоннадан ашык алтын, ал эми өлчөнгөн жана көрсөтүлгөн ресурстардын жалпы көлөмү 195,4 тонна экендиги аныкталды. Ал эми алынган маалыматтарга караганда,  ачык жана жер астындагы тоо кендери - 139,3 тонна. Бул  Кумтөрдө дагы деле болсо алтын жетиштүү экендигин тастыктайт. 




Эскертели, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Эмил Осмонбетов 2019-жылдын 1-январына карата запастар жөнүндө маалыматтарды Абылгазиев Кумтөргө кошумча 16 миң гектар жер бөлүп бергенге чейин берген. 
 
Жалпылап айтканда компанияда алтындын запасы калбай калды деген маалымат жалган,  2019-жылы бөлүнгөн кошумча 16 миң гектар аянтты эске албаганда, Кумтөрдө дагы эле бир топ алтын рудасы бар...

Булак:factcheck.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter