У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз улуттук университетинин жамааты окуу жайдын ректорун алмаштырууга каршы

                                                                                      Кыргыз Республикасынын                                                                                                         Премьер-министри, Президенттин м.а. 
                                                                                       С.Н. Жапаровго 
 
ЖАМААТТЫК КАЙРЫЛУУ 
 
Урматтуу Садыр Нуркожоевич! 
            Бизге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Садыков Канат Жалиловичти ээлеген кызмат ордунан бошотуп, анын ордуна профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичти дайындоо аракеттери жүрүп жатат деген кабар келип жетти. 
            Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты мындай алмаштырууга каршы экендигин билдирет. 
            Ректор кызматына шайлоо жолу менен дайындоо болорун жана Садыков Канат Жалилович 2017-жылдын  май айында көпчүлүк добуш менен Университеттин жамааты тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланганын белгилеп кетебиз. 
            Азыркы учурда ректор К.Ж. Садыковду жумуштан бошонуу арызын жазууга мажбурлап жатышат. 
            Өз кайрылууларыңызда Сиз бардык деңгээлдеги жетекчилерди алмаштыруу жамааттын ой-пикиринин негизинде жүргүзүлөт деп белгилегенсиз. 
            К.О. Осмоналиевге карата белгилеп кетчү нерсе 2017-жылдын  январь айында ал Физика жана электороника факультетинин деканы кызматына жарыяланган шайлоого  катышып, жааматтын колдоосуна ээ болгон эмес. Бул факты жамаатын К.О. Осмоналиевге болгон ишенбөөчүлүктү көрсөтүп турат.
            Биздин кайрылуубуздун негизинде Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректорун алмаштыруу аракеттерин токтотууңузду суранабыз. 
            Мындай аракеттер Университеттин жалпы жааматынын жана студенттеринин каршылыгын туудурат. 
 
                                                                                                                                  28-октябрь 2020-жыл
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter