У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан 4004 адам өлдү

Италияда бир күндө 133 киши коронавирустан кайтыш болду. Ошол эле убакытта оору 1807 адамга жуккан. Өлкө боюнча жалпысынан 9172 киши ооруга чалдыкса, өлгөндөрдүн саны 463 адамга жетти.
 
Италияда коронавирус менен күрөшүү үчүн өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте 15 провинцияны жабуу тууралуу указга кол койгон. Чектөө 16 миллион кишиге тийет. Указ 8-мартта күчүнө кирип, айдын аягына чейин уланат. Документке ылайык, бул провинциялардын аймагына кирип-чыгууга тыюу салынат. Мындан сырткары, ал жакта окуу мекемелери, музейлер жана спорт залдары иштерин токтотот. Ошондой эле үйлөнүү тойлорду, тажияларды, диний жана маданий иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынды. Кинотеатрлар, түнкү клубдар, фитнес-борборлор, бассейндер, музейлер жабылган.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан 4004 адам өлдү. Жуктуруп алгандардын саны 114 миңден ашты.

АКШда 624 киши жуктуруп, 22 адам көз жумду. 15 киши оорудан сакайып чыкты. Орусияда 20 киши ооруну жуктурганы аныкталган, өлгөндөр тууралуу кабар жок.







Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter