У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандык окуучулар математика боюнча олимпиадада 1 күмүш, 2 коло медалга ээ болушту

 
Македония өткөргөн FMC 2020 математика боюнча олимпиадада кыргызстандык окуучулар 1 күмүш жана 2 коло медалдарга ээ болушту.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, олимпиада онлайн режимде өтүп, ага Кыргызстандан 35 окуучу катышкан. №61 физико-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Жусупов Жантай күмүш медаль, Есенгулов Эрбол коло медаль, жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Искендеров Эльдар коло медалдарды жеңип алышты.
 
Үчөө тең 2019-2020-жылдагы альтернативдик олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп саналат жана август айында Кыргызстандын курама командасы үчүн уюштурулган жайкы даярдоого катышкан. Курама команданы даярдагандар: Ишматов Мамат, Абдувалиев Мурат, Амир Мохаммед-Али.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter