У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүйнөдө глобалдуу масштабда дары- дармек дефицити жаралышы мүмкүн



Коронавирустун жайылышына байланыштуу Индия дары-дармек экспортун чектей турганын билдирди. Индиянын бул кадамы дүйнөдө дары- дармек  тартыштыгын жаратышы мүмкүн экендигин окумуштуулар айтышууда.  
 
 Анткени Индия дүйнөдөгү эң ири дары-дармек экспортеру болуп саналат. 
 
Индия  чектөө киргизген дары- дармектердин саны учурда 26 ны түзөт.  Алардын ичинде дүйнөдө эӊ көп колдонулган ооруну басаӊдауучу парацетамол да бар. 
 
Индиянын  өндүрүүчүлөрү дары- дармек жасоочу компоненттердин 70 пайызын Кытайдын фармацевикалык заводдорунан алышчу, Кытайдагы фармацевикалык заводдор коронавирсука байланыштуу ишин токтотту. 
 
Кытай менен Индиянын абалы жакынкы убактарда жакшырбаса дүйнөдө глобалдуу масштабда дары- дармек дефицити жараларын эксперттер эскертүүдө. 
 
Индия бийлиги даяр запастар менен үч айга чейин мурдагыдай эле көлөмдө дары- дармектерди  өндүрүп турарын, эрте эле дүрбөлөӊгө түшүүгө себеп жок экенин айтты. Бирок ошого карабай дары- дармекке болгон баа азыр эле кымбаттоодо.  
 
 
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter